Мустафа Шентоп Азербайжанда тышкы иштер министри менен жолугушту
Жолугушууда Азербайжан армиясынын жерлерин бошотуу үчүн баштаган операция жана күн тартибиндеги башка маселелер каралды.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжанга барды. Шентоп тышкы иштер министри Жехун Байрамов менен жолугушту. Местафа Шентоп жана коштоосундагы парламент делегациясы Азербайжандын тышкы иштер министрлигине барды.
Мустафа Шентоп менен Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамовдун ортосунда өткөн эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө Армениянын Азербайжанга жасаган кол салуулары, Азербайжан армиясынын жерлерин бошотуу үчүн баштаган операция жана күн тартибиндеги башка маселелер каралды.
Байрамов бул процессте түрк мамлекети жана калкынын көрсөткөн моралдык колдоосуна ыраазычылык билдирди. Шентоп да Түркия катары Азербайжандын акылуу доосуна колдоо берүүнү улантарын айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.