Президенттик кабинет эртең чогулат

Президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында өтө турган жыйында Азербайжандын оккупацияланган аймактарын сактап калуу үчүн күрөшү, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кырдаал жана коронавируска каршы күрөштөгү акыркы кырдаал талкууланат.

1511825
Президенттик кабинет эртең чогулат

Президенттик кабинет эртең Бештепеде чогулат.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында өтө турган жыйында Азербайжандын оккупацияланган аймактарын сактап калуу үчүн күрөшү, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кырдаал жана коронавируска каршы күрөштөгү акыркы кырдаал талкууланат.

Жыйында, коронавируска каршы эмдөө жана дары-дармектерди изилдөө жаатындагы акыркы кырдаал үстөлдө болот. Эпидемияга каршы күрөшүү боюнча кошумча чаралар көрүлөбү, ага баа берилет.

Жаратылыш газынын жаңы запасынын ачылышынын экономикага тийгизген таасири дагы бааланат.

Үйдө дагы, чек арадан дагы терроризмге каршы күрөшүү маселеси талкууланат.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (Түндүк Кипр) Эрсин Татардын президент болуп шайланышы менен жаңы мезгил башталды. Шайлоодон кийин, айрыкча эки өлкөнүн карым-катнаштары, Кипр маселеси жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар дагы жыйналыштын күн тартибинде.

Карабахтагы акыркы кырдаал талкуулана турган жыйында Азербайжан армиясынын Арменияга каршы күрөшүнө дагы баа берилет.



Тектеш кабарлар