Чавушоглу Байрамов менен сүйлөштү
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу менен Байрамов телефондогу сүйлөшүүдө «Армениянын Генжеге кол салуусу» маселесин талкуулашты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын Генжеге кол салуусу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу менен Байрамов телефондогу сүйлөшүүдө «Армениянын Генжеге кол салуусу» маселесин талкуулашты.
Чавушоглу, кол салуудан кийин өзүнүн Твиттердеги аккаунтунда жазган билдирүүсүндө, Армениянын аял-бала дебестен күнөөсүз адамдарды өлтүргөнүн белгилеп, «Армения согуш кылмыштарын жана жарандарды өлтүрүүнү улантууда. Бул жапайычылыкка унчукпай коюу бул киши өлтүрүүлөргө шерик болуу дегенди билдирет»,деген серебин салды.
Министр Чавушоглу, «Адамкерчиликти билбегендер кылмыштары үчүн жооп беришет. Биз ар дайым Азербайжан мененбиз», деген сөздөрдү колдонду.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.