Эрдоган: «Түркия Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныган эмес жана тааныбайт»

Президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1510715
Эрдоган: «Түркия Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныган эмес жана тааныбайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбаганын жана тааныбай турганын айтты.

Президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы Вахдеттин резиденциясында делегациялардын жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Эрдоган өз сөзүндө эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларда өз ара мамилелерди талкуулагандарын баса белгилеп: «Биздин кызматташтык коргоо тармагынан билим берүү тармагына чейин, туризмден саламаттыкты сактоо тармагына чейин эки тарапка тең пайда алып келген негизде тереңдеп баратат. Жолугушууларыбызда инвестициялардын көбөйтүшү менен экономикалык жана соода кызматташуубузду жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча өз ара эркибизди тастыктадык»,- деди.

Түркиянын Украинаны аймакта туруктуулук, коопсуздук, тынчтык жана бакубаттыктын орношу үчүн негизги өлкө катары эсептегенин айткан Эрдоган: «Биз Украинанын эгемендүүлүгүн, Крым менен кошо аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин колдоп келгенбиз жана колдойбуз. Түркия Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныган эмес жана тааныбайт. Украина менен Түркиянын ортосундагы тарыхый жана гуманитардык байланыштарынын маанилүү элементи болгон Крым татар бир туугандарыбызга Украин органдары менен биргеликте колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.

Зеленский да Түркияда менен Украинанын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп, өз ара кызыкчылыктар болгон бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин айтты.

Зеленский, Түркиянын Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогондугуна көңүл буруп: «Түркиянын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө колдоо көрсөтүүсү биз үчүн өтө маанилүү. Президент Эрдоган, Россия тарабынан мыйзамсыз камакка алынган украиналык жана крым татар саясий туткундарды бошотуу үчүн жигердүү жеке аракеттерди көрө берерин тастыктады», -деп айтты.



Тектеш кабарлар