Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ТРТ Хаберге маалымат берди

Армения Генже жана Мингечевирдеги жарандык отурукташуу жерлерине жасаган ракеталык кол салуусунда  13 адам каза болуп, 40тан ашуун адам жаракат алды.

1510877
Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз  катчысы ТРТ Хаберге маалымат берди

Азербайжан тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лейла Абдуллаева Азербайжан армиясы алдыга жылган сайын Армения жарандарды аткандыгын белгилеп : "Дүйнө бул кыргынга каршы унчукпай калбашы керек" ,-деди.

Армения Генже жана Мингечевирдеги жарандык отурукташуу жерлерине жасаган ракеталык кол салуусунда  13 адам каза болуп, 40тан ашуун адам жаракат алды.

ТРТ Хабер каналындагы түз эфирге катышкан жана Армениянын кол салуулары тууралуу маалымат берген Абдуллаева 30 жылдан бери Физули шаарынын алынышын күткөн  Азербайжан элинин чоң кубанычта экендигин айтып : «Фузулинин алынышы абдан чоң кубаныч жаратты. Генже калкы болсо өз үйлөрүн таштап кетишпей тургандарын, «Мекенге ыракмат» түшүнүгү менен күрөшүн улантышарн айтышты»,- деп билдирди.

Азербайжандын Генже шаарынын ракета кол салуусуна дуушар болгонун жана мунун адамзаттык жана согуштук кылмыш экендигин баса белгилеген Абдуллаева : «Бул мамлекет террору. Чарасыз абалга түшкөн Армения жарандарды бутага алууда. Азербайжан күрөшүн улантат жана Генженин өчүн согуш аянтында алат. Биздин максатыбыз өз жерлерибизди алуу. Террорго колдоо берген Армения болсо ушундай жолдорго кайрылып жатат. Дүйнөгөнү бул адамзаттык трагедияга карата үн катууга  чакырабыз»,- деди.

Фузули шаарынын алынышын, аянтта Азербайжан армиясынын алдыга жылып бара жаткандыгын айткан тышкы иштер министрлигинин катчысы : «Азербайжан чечкиндүүлүк менен улантууда. Ок атышпоо чакырууларын салган мамлекеттерге ок атышпоо режимин бузган Армения экендигин айтабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар