Эрдоган - Зеленский жолугушуусу аяктады
Президент Р. Т. Эрдогандын Украинанын президенти В. Зеленский менен Стамбулда өткөргөн жекеме - жеке жолугушуусу аяктады.
Президент Р. Т. Эрдогандын Украинанын президенти В. Зеленский менен Стамбулда өткөргөн жекеме - жеке жолугушуусу аяктады.
В. Зеленский Президент Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга иш сапары менен келди.
Эки лидер Стамбулдагы Вахдеттин сарайында жолугушту.
Жекеме – жеке өткөн жана Түркия убактысы боюнча саат 15: 00дө башталган Эрдоган - Зеленский жолугушуусу массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.
Жолугушуунун негизинде эки тараптуу мамилелер бардык тарабы менен талкууланды.
Эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү кадамдары баса белгиленген жолугушууда учурдагы регионалдык жана эл аралык окуялар боюнча пикир алмашуу болду.
1 саат 45 минутага созулган жолугушуудан кийин желегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүлдү.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.