Алтун Хажиев менен сүйлөштү
Фахреттин Алтун Хажиевди туулган күнү менен да куттуктады.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Азербайжандын вице-президенти жана Президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Хажиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Алтун Хажиев менен абдан натыйжалуу телефон сүйлөшүүсүн өткөргөнүн белгилеп: «Армениянын Тоолуу Карабахты мыйзамсыз басып алуусун токтотууга аракет кылып жаткан Азербайжанга биз дезинформацияга каршы күрөш менен бирге бардык тармакта колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,- деди.
Фахреттин Алтун Хажиевди туулган күнү менен да куттуктады.
Хикмет Хажиев болсо сүйлөшүү жөнүндөгү билдирүүсүндө: «Досум Фахреттин Алтун менен өлкөбүзгө каршы жүргүзүлгөн кара үгүт жана дезинформацияга каршы биргелешкен кадамдарды жана кызматташтыкты карап чыктык. Азербайжан-Түркия медиа платформасы биздин аракеттерибизди бекемдөө үчүн маанилүү демилге болот»,- деди.