«Оруч Рейс» Чыгыш Жер Ортолук деңизинде

"Оруч Рейс" Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей турган аймакка барды.

1508935
«Оруч Рейс» Чыгыш Жер Ортолук деңизинде

«Оруч Рейс» кемесинин биринчи сейсмикалык изилдөөлөрү бүгүн башталат.

"ICCI 2020 - 26-Эл аралык энергетика жана айлана-чөйрө жарманкеси менен конференциясына" видеоконференция аркылуу катышкан энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Дөнмез бул жерде сүйлөгөн сөзүндө «Оруч Рейстин» Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей турган аймакка жеткендигин айтты.

Биринчи сейсмикалык изилдөөлдүн бүгүн баштала тургандыгын айткан Дөнмез: «Оруч Рейс» Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей турган аймакка барды. Сыноолор кечээ башталды жана бүгүн биз биринчи сейсмикалык көрсөткүчтөрдү ала баштайбыз. 10 чакырымдык кабелдерди тартты. Алгачкы 10 күндүк иштөө программабыз бар. Кипрдин Рум жетекчилиги тарабынан берилген мыйзамсыз лицензиялардан кийин компаниялар пандемияга байланыштуу баш тартышты. Биз ал жерде улуттук кемелерибиз менен улантуудабыз».



Тектеш кабарлар