Калын - О'Брайен сүйлөшүүсү

Президенттин катчылыгынын билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, Армениянын Азербайжанга кол салуулары, Чыгыш Жер Ортолук деңизи менен Ливиядагы окуялар жана башка аймактык маселелер каралды.

1508453
Калын - О'Брайен сүйлөшүүсү

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт К.О'Брайен менен телефон аркылуу байланышты.

Президенттин катчылыгынын билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, Армениянын Азербайжанга кол салуулары, Чыгыш Жер Ортолук деңизи менен Ливиядагы окуялар жана башка аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө Түркиянын, Азербайжан жана Армениянын ортосундагы гуманитардык негизде (10-октябрь) ок атууну токтотууну колдогондугу, бирок туруктуу чечим, Армения Тоолуу Карабактан жана анын тегерегиндеги оккупацияланган аймактан чыгып кетүү менен жетишиле турганы  баса белгиленди.

Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ Коопсуздук Кеңеши) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) чечимдеринин алкагында Азербайжандын жарандарына багытталган Армениянын кол салуулары эл аралык мыйзамга каршы келет жана кабыл алынгыс деп АКШ тарапка айтылган сүйлөшүүдө, Эл аралык коомчулук конкреттүү кадамдарды жасашы керектиги баса белгиленди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын жакшы ниеттери жана диалогго негизделген ыкма менен сүйлөшүүлөрдө чыңалуунун төмөндөгөнү баса белгиленип, пайда болгон сүйлөшүүлөр колдоого алынган кадамдардын ташталышы сөз кылынган сүйлөшүүдө, Түркия сунуш кылган Чыгыш Жер Ортолук Конференциясынын ишке ашырылышы  регионалдык тынчтыкты жүзөгө ашырууга өбөлгө болот деген ишаарат кылынды.

Түркиянын АКШдан, Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасында адилеттүү жана калыс мамилени көрсөтүүсүн күткөндөрү сүйлөшүүдө кайталанды.

Ливияда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө канааттануу билдирилип,  Хафтер тарабындагы аскердик иш-аракеттер тынчсыздандырып жаткандыгына көңүл бурулган сүйлөшүүдө, айрыкча Түркия жана АКШнын ортосундагы экономикалык мамилелерди жандандыруу жана коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө карай маселелер талкууланды.



Тектеш кабарлар