АКШ Азербайжан менен Арменияга чакырык салды

Майк Помпео Твиттердеги баракчасынан Тоолуу Карабах аймагы жөнүндө билдирүү жасады.

1508494
АКШ Азербайжан менен Арменияга чакырык салды

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Азербайжан менен Арменияны "ок атышпоо келишимин сактоого" жана "карапайым жарандарды бутага албоого" чакырды.

Майк Помпео Твиттердеги баракчасынан Тоолуу Карабах аймагы жөнүндө билдирүү жасады.

(Бул аймактагы) адамдардын өлүмүнө кайгыргандарын жана тынчтык жолу менен чечүүнү жактай тургандыктарын билдирген Помпео: «АКШ Азербайжан менен Арменияны ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну сактоого жана Гянжа менен Степанакерт (Ханкенди) сыяктуу жарандык конуштарды бутага алууну токтотууга чакырат»,-деди.

Арменияны Гянжадагы жайкын тургундарга багытталган кол салууларын токтотууга чакырган Помпеонун, Армения армиясына таандык буталар атылган Ханкендиде "карапайым адамдар атылууда" сыяктуу Еревандагы айыптоолорго да орун бериши көңүлдөрдү бурду.

Армения менен Азербайжан Москвадагы жолугушуулар учурунда Тоолуу Карабахтагы сөөктөрдү жана туткундарды алмашуу үчүн 10-октябрь ишемби күнү саат 12:00дөн баштап гуманитардык максатта ок ​​атышууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышкан болчу.

Армения армиясынын ок атышпоодон 24 саат өтпөй Азербайжандын Гянджа шаарына ракеталар менен кол салуусунун натыйжасында 10 адам каза болуп, 34 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар