Дагы 5 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди

1-январдан бери ынандыруу иштеринин негизинде багынып берген террордук уюмдун мүчөлөрүнүн саны 181ге жетти.

1507910
Дагы 5 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди

Шырнакта жандармерия менен полициянын түшүндүрүү иштеринин негизинде жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ийгиликтүү ынандыруу иштеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККнын ыдырашы уланууда.

Шырнакта жикчил террордук уюм ПКК/КЖКдан 5 террористтин багынып бериши менен, 1-январдан бери ынандыруу иштеринин негизинде багынып берген террордук уюмдун мүчөлөрүнүн саны 181ге жетти.



Тектеш кабарлар