«Барбарос Хайреддин Паша» кемеси Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 9-ноябрга чейин иштейт

Түркия жаңы Navtex жарыялады.

1506434
«Барбарос Хайреддин Паша» кемеси Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 9-ноябрга чейин иштейт

Түркия, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бүгүн күчүнө кире турган жаңы Navtex (деңизчилерге эскертүү) жарыялады.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жаңы Navtex билдирүүлөрү Түркиянын деңиз күчтөрүнүн гидрография жана океанография департаменти тарабынан жарыяланды.

«Барбарос Хайреддин Паша» сейсмикалык изилдөө кемеси, жарыяланган аянтта изилдөө иштерин жүргүзөт. Ал аймактагы мунай зат жана жаратылыш газына көз салат.

Кеменин Жер Ортолук деңизинде иштөө мөөнөтү 10-октябрдан 9-ноябрга чейин болот.



Тектеш кабарлар