Түндүк Иракта жана Шырнакта террордук уюмдун террористтери жок кылынды
Акыркы террорист жок кылынганга чейин операциялардын улантылары баса белгиленди.
Ирактын түндүгү менен Шырнакта ПКК жикчил террордук уюмдун 7 террористти жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта «Чеңгел - Жолборс» операциясынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгы белгиленип : «Ирактын түндүгү Хафтанин аймагында аныкталган ПККнын 5 террористти жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды»,- деп жазылды.
Маалыматта операциялардын акыркы террорист жок кылынганга чейин улантылары да баса белгиленди.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта «Йылдырым -1» операциясынын негизинде Жуди тоолуу аймагында облустуr жандармерия командирлиги жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун башкаруучулугу тарабынан орток операция жүргүзүлдү.
Аба күчтөрү командирлиги да колдогон операцияда куралдуу 2 террорист жок кылынды. Аймакта операция улантылууда.