Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү
Акыркы 24 саатта вирустан 56 киши көз жумду.
1504836
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 56 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 8 миң 609 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 116 миң 608 тест жасалып, 1 миң 581 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 355 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 288 миң 954кө жогорулады.