Эрдоган Столтенбергди кабыл алды

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдогандын Столтенберг жана аны коштогон делегацияны кабыл алуусунда бир топ маселе каралды.

1503344
Эрдоган Столтенбергди кабыл алды

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдогандын Столтенберг жана аны коштогон делегацияны кабыл алуусунда, Түркия менен НАТОнун карым-катнаштары, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Сирия жана Ливия баш болгон аймактык абалдар талкууланды.

Эрдоган, Грециянын бардык терс жүрүм-турумдарына карабастан Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги түрк жана грек аскер элементтеринин арасындагы кырсыктарды жана инциденттерди азайтууга карай НАТОнун демилгесин колдогондорун билдирди.

Бардык аймактар ​​жана Европанын коопсуздугу жана стабилдүүлүгүнүн атынан, качкындар кризиси менен түзмө-түз күрөшүп жаткан Түркиянын Ливиядагы тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн чын жүрөктөн аракет кылган НАТОнун өнөктөшү болгонун баса белгилеген Эрдоган, Түркия өзүнүн жана өнөктөшүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын сактай тургандыгын жана ошондой эле шериктештиктин мүчөлөрүнөн ушундай эле сезимталдыкты күтөөрүн билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун токтомдорунун Арменияны оккупацияланган Азербайжан аймагынан токтоосуз жана толугу менен жана эч кандай шартсыз чыгууга үндөгөндүгүнө көңүл бурган Эрдоган, НАТОдогу айрым шериктештер террордук уюм ПКК/ ПЙД/ЙПГ менен кызматташтыкты улантып, ФЕТӨ мүчөлөрүн коргоп жатат деп баса белгиледи.

Президент Эрдоган: «НАТО шериктештери Түркия менен конкреттүү тилектештигиңизди көрсөтүңүз»,- деп, шериктештиктин иштиктүүлүгүнүн тобокелге салынбоосунда НАТОнун өтө маанилүү ролу жана жоопкерчилиги болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар