Шентоп жана Октай Армениянын Азербайжандын Генже шаарына кол салуусун айыптады

Шентоп жана Октай өздөрүнүн Твиттердеги эсебинен Армениянын кол салуусун айыпташты.

1503119
Шентоп жана Октай Армениянын Азербайжандын Генже шаарына кол салуусун айыптады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Армениянын  Азербайжандын Генже шаарында жарандарга карай кол салууларына каршылык көрсөттү.

Шентоп социалдык медиа каражаты Твиттердеги эсебинен билдирүүсүндө Азербайжандын тарыхый шаары Генжеге кол салуу Армениянын мыйзамсыз жана басып алуучулук мамилесинин акыркы мисалы экендигин белгиледи.

Шентоп: «Мен карапайым жарандарга багытталган бул кол салууну кескин айыптайм, мекен үчүн баатырларча салгылашып жаткан Азербайжан армиясына ийгилик каалайм. Карабах Азербайжанга таандык»,-деп айтты.

Вице-президент Фуат Октай өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө, Армениянын Генже шаарындагы карапайым калкка кол салуусуна каршылык көрсөттү.

Октай: «Аянтта жана дүйнөлүк коомдук пикирде тезинен өз кадыр-баркын жоготкон Армениянын чек арадан 70 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Генже шаарындагы жарандарды бутага алуусу адамзатка каршы кылмыш. Мен күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйган бул мыкаачылык кол салууну айыптайм. Бир тууган Азербайжан элине көңүл айтам»,-деди.



Тектеш кабарлар