Президент Эрдоган атамекендик вакцинада абдан жакшы жылыштар болгонун айтты

Президент Эрдоган, кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1503302
Президент Эрдоган атамекендик вакцинада абдан жакшы жылыштар болгонун айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, (коронавирустун жаңы түрүнө Ковид-19 каршы) атамекендик вакцина иштеп чыгуу эмгектеринде абдан жакшы жылыштарга жетишкендиктерин билдирди.

Президент Эрдоган, кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

Вакцина үчүн жасалган инвестициялардын, көрсөтүлгөн колдоолордун бир-бирден ишке ашышынын кубанычында экендиктерин айткан Президент, башталган 13 башка вакцина иштеп чыгуу эмгектеринен бешөөнүн  адамга сыноо баскычына жеткенинин сүйүнчүсүн берди.

Инфраструктурасы ылайыктуу бир фирманын ай сайын 20 миллион доза (вакцина иштеп чыгуу) көлөмү болгонун билдирген Эрдоган: «Экинчи бир фирманын да өндүрүү инфраструкутрасын бүткөрүшү менен бул сан ай сайын 50 миллион дозанын үстүнө чыга алат. Адамга сыноолор  үчүн алдыбыздагы айда миң доза вакцина өндүрүлөт»,-деди.

Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында тыныгуу берилген бетме-бет билим берүүгө да токтолгон Эрдоган, башталгыч мектеп 2-3 жана 4, орто мектеп 8 менен лицейдин 12-классынын окуучуларынын, тазалык, беткап, аралык эрежелерине ылайыктуу түрдө мектепти уланта ала тургандарын да кошумчалады.

Башталгыч мектептин биринчи классынын окуучулары мындан мурда сабактарын баштаган болчу.


Этикеткалар: #Вакцина , #Эрдоган

Тектеш кабарлар