Түркиядан Пакистанга маска жардамы

Исламабад эл аралык аэропортуна жеткен жүктү Түркиянын жана Пакистандын Кызыл Жарым Ай кызматкерлери тосуп алышты.

1500765
Түркиядан Пакистанга маска жардамы

Түркия, коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Пакистанга 300 миң маска жардамын берди.

Бүгүн эртең менен Түрк аба жолдорунун (THY) учагы менен Исламабад эл аралык аэропортуна жеткен жүктү Түркиянын жана Пакистандын Кызыл Жарым Ай кызматкерлери тосуп алышты.

Түрк Кызылайынын Пакистан делегациясынын башчысы Ибрахим Карлос Камило, Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында Пакистанга жардам катары берилген 300 миң KN-95 беткаптарын өткөрүп алышканын билдирди.

Камило, бажы иштери аяктагандан кийин беткаптарды бир нече күндүн ичинде Пакистандын Кызыл Жарым Айы менен биргеликте жетекчилерге тапшырып бере тургандарын айтты.

Пакистан Кызылайынын логистика кызматкери Мухаммед Амин да Түрк Кызылайынан 300 миң маска жардамын алгандарын жана бул маскалар өлкөнүн ар кайсы аймактарына таратыларын айтып, ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар