Эрдоган Катардын жаңы эмирин куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кувейттин жаңы эмири Шейх Невваф ал-Ахмед аль-Жабир ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөшүп, куттуктады.

1500469
Эрдоган Катардын жаңы эмирин куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кувейттин жаңы эмири Шейх Невваф ал-Ахмед аль-Жабир ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Эрдоган, Кувейттин эмири Сабах ал-Ахмед аль-Жабир ас-Сабахтын өлүмүнө терең кайгырганын айтып, анын жаткан жери жайлуу болушун тилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана дос Кувейт элине көңүл айтты.

Ас-Сабахты да Кувейттин Эмирлиги кызматына келгендигинен улам куттуктаган Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Кувейттин ортосундагы терең тамырлашкан тарыхый жана маданий байланыштардан күчүн алган өзгөчө карым-катнаштарын мындан ары дагы өнүктүрүүнү каалай тургандыктарын билдирди.

Президент Эрдоган эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгы аймакта тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн орнотулушуна дагы салым кошот деген ишенимин билдирди.



Тектеш кабарлар