Түркия Арменияга Хожалы геноцидинин көрүнүштөрү менен каршылык көрсөттү
«30 жыл мурда Хожалыда болгон азап унутула электе бүгүн да күнөөсүз кишилер ошол эле азаптын кыйынчылыгын тартууда».
Улуттук коргоо министрлиги 1992 - жылы Хожалыда болгон геноцид тууралуу көрүнүштөрдү жарыялап, Армениянын бүгүн да бүткүл дүйнөнүн көз алдында күнөөсүз кишилерди бутага алгандыгын белгиледи.
Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берген кабарында Армениянын Азербайжандагы жарандарга карата кол салууларына каршылык көрсөтүлдү.
Армениянын 1992 - жылы Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалыда кылган геноциди менен Товуз кол салууларында болгондорго орун берилген маалыматта : «Бала, аял, кары - картаң дебестен Хожалыда геноцид кылган, Азербайжан жерлерин басып алган Армения бүгүн да бүтүл дүйнөнүн көз алдында күнөөсүз кишилерди бутага алууда. Армения 30 жыл мурда кандай болгон болсо бүгүн да тынчтык жана бейкуттуктун душманы катары кыймыл кылууда»,- деп билдирилди.
Видеодо болсо : «30 жыл мурда Хожалыда болгон азап унутула электе бүгүн да күнөөсүз кишилер ошол эле азаптын кыйынчылыгын тартууда»,- деп жазылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.