Алтун АКШлык саясатчыларга каршылык көрсөттү

Алтун өзүнүн кайрылуусун социалдык медиада англис тилинде жарыялоо менен, АКШ саясатчыларын конструктивдүү болууга чакырды.

1500201
Алтун АКШлык саясатчыларга каршылык көрсөттү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Америка Кошмо Штаттарынын  (АКШ) президенттик шайлоолорунда Түркиянын материал катары колдонулушуна катуу каршылык көрсөттү.

Алтун өзүнүн кайрылуусун социалдык медиада англис тилинде жарыялоо менен, АКШ саясатчыларын конструктивдүү болууга чакырды.

Түркия-АКШ мамилелерин президенттик шайлоо жараянында колдонуунун ыңгайсыз экендигин көрсөткөн Алтун, «Айрыкча, НАТОнун союздашы болгон өлкөлөр, мындай маселелерге туш болбошу керек. Түркияга карата мындай мамилелер, азербайжандык бир туугандарыбыздын жанында болушубузга тоскоол болбойт. Түркиянын позициясы эл аралык укукка ылайык болсо дагы айрым америкалык саясатчылар, аймактагы чыңалууну өз өлкөсүндөгү шайлоо үчүн армян лоббисинин колдоосун алыш үчүн колдонуп жатышат»,деген сөздөрдү айтты.

Алтун, Түркиянын аймакта тынчтык жана туруктуулук болушун каалагандыгын белгилеп, «Биз Азербайжандын жанында болууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар