Түркияда бир суткада 114 миң 940 тест жасалды

Акыркы 24 саатта вирустан 68 киши көз жумду.

1499674
Түркияда бир суткада 114 миң 940 тест жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 68 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 8 миң 130 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 114 миң 940 тест жасалып, 1 миң 427 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 452 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 278 миң 504кө жогорулады.



Тектеш кабарлар