Чавушоглу: «Бардык жерде "Дүйнө бештен чоң" деп айтууну уланта беребиз»

Чавушоглу, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча "Консенсус үчүн Биримдик тобунун" жыйынына видеоконференция аркылуу катышты.

1499058
Чавушоглу: «Бардык жерде "Дүйнө бештен чоң" деп айтууну уланта беребиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бардык жерде «Дүйнө бештен чоң» деп айтууну уланта беришерин билдирди.

Мевлүт Чавушоглу, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча "Консенсус үчүн Биримдик тобунун" жыйынына видеоконференция аркылуу катышты.

Чавушоглу өзүнүн Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча "Консенсус үчүн Биримдик тобунун" жыйынына катыштык. Демократиялуу, өкүлчүлүк деңгээли жогору, жооп бере алган, ачык-айкын жана таасирдүү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин каалайбыз. Биз бардык жерде «Дүйнө бештен чоң» деп айтууну уланта беребиз»,-деди.



Тектеш кабарлар