Варанк Ковид-19га каршы эки вакцинанын жаныбарларга жасалган сыноолору бүткөнүн айтты

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Анадолу агенттигине берген билдирүүсүндө министрликтин Ковид-19га каршы жүргүзгөн иштери жөнүндө маалымат берди.

1497947
Варанк Ковид-19га каршы эки вакцинанын жаныбарларга жасалган сыноолору бүткөнүн айтты

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы жүргүзүлгөн вакцина изилдөөлөрүндө эки вакцинанын жаныбарларга жасалган сыноолору бүттү деди.

Варанк, Анадолу агенттигине берген билдирүүсүндө министрликтин Ковид-19га каршы жүргүзгөн иштери жөнүндө маалымат берди.

Дүйнөгө таасирин тийгизген эпидемияга каршы күрөштү ар тараптуу жүргүзгөндөрүн кеп кылган Варанк, пандемия Түркия чек арасынан кире электе эле бул багытта эмгектерин баштагандарын айтты.

Вакцина жана дары-дармектерди иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөр тынымсыз жүрүп жаткандыгын белгилеген Варанк: «Биз ишибиздин үзүрүн көрө баштадык. Ковид-19 дарылоосунда колдонулган Фавипиравир дарысынын жергиликтүү синтезин биздин илимпоздор иштеп чыгышкан. Учурда жергиликтүү фармацевтикалык компания аны чыгарууда»,- деди.

Ковид-19га каршы эмдөө иштери улантылып жатканын айткан Варанк: «Биздин эки вакцинада жаныбарларда эксперименттөө этабы аяктады, биз Саламаттык сактоо министрлигибизге кайрылдык, биз керектүү баалоо жана ушул вакциналардын пилоттук өндүрүшү үчүн объектилерди күбөлөндүргөндөн кийин адамдарда сыноолорун баштоону каалайбыз. Бул жерде бизде илимпоздор бар, айрыкча ооруларды алдын алуучу дары-дармектер боюнча ар кандай молекулаларды изилдешет. Буюрса алдыдагы мезгилде дары жөнүндө маанилүү натыйжаларды алабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар