"TEKNOFEST- 2020" башталды

TEKNOFESTке болгон кызыгуу жыл сайын артууда.

1496840
"TEKNOFEST- 2020" башталды

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFESTтин коомчулукту өзгөртө турган күчкө ээ иш-чара экендигин билдирди.

Варанк, Газиантепте TEKNOFEST-2020нын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «TEKNOFESTке болгон кызыгуу жыл сайын артууда. Фестивалдын биринчи жылында 4 миң 333 команда жарышты, экинчи жылында атаандаш командалардын саны 17 миң 773кө жетти. Быйыл TEKNOFESTке 100 миңден ашуун атаандаштар кайрылды, бул чындыгында эбегейсиз чоң сан»,-деди.

Мустафа Варанк: «TÜBİTAK каналы аркылуу акыркы 2 жылда 16 миңден ашуун жаштарга 313 миллион лиралык стипендия жана колдоо көрсөттүк. Өнөр жай докторантурасы программасы жана Эл аралык алдыңкы изилдөөчүлөр программасы сыяктуу көрөгөч долбоорлорду ишке ашырдык. Акыркы 2 жылда 15 миллион жараныбыз TÜBİTAK популярдуу-илимий басылмаларынан пайдаланышты. Мындан кийинки мезгилде дагы жолубузду үзгүлтүксүз улантабыз»,-деди.

"TEKNOFEST 2020" иш-чарасынын алкагында учактар​ акробатикалык учууларды аткарышты.

Газиантеп чебининин этектеринде өткөрүлгөн ачылыш аземинен кийин эң биринчи Түрк аба күчтөрүнүн акробатикалык командасы "Түрк жылдыздары" шаардын асманында шоу көрсөттү.

Андан соң «Соло Түрк» тобу кызыктуу кыймылдарды жасап, жарандардын ыраазычылыгына ээ болду.

Дүйнөнүн эң ийгиликтүү акробатикалык учкучтарынын бири Дарио Коста да шоунун алкагында абадагы чеберчилигин көрсөттү.

Ал эми "Атак" тик учактары болсо абада ​​өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Эң аягында Коопсуздук башкы башкармалыгы жана Жээк күзөт командачылыгына караштуу тик учактар ​​удаама-удаа учушту.

Тик учакта атайын аркан менен асылып турган ыкчам полиция кызматкерлери колдорунда курал-жарактары менен ири түрк желегин ачып жарандарга салам беришти.



Тектеш кабарлар