Түркия Тажикстанга эң көп гуманитардык жардам жиберген өлкөлөрдүн катарында

Тажикстандын Статистикалык институтунун билдирүүсүнө ылайык, жылдын 8 айында өлкөгө 54 мамлекеттен 33 миллион 612,8 миң доллардык гуманитардык жардам келген.

1496180
Түркия Тажикстанга эң көп гуманитардык жардам жиберген өлкөлөрдүн катарында

Түркия, быйыл январь-август айларында Тажикстанга эң көп гуманитардык жардам жөнөткөн өлкөлөрдүн катаында орун алды.

Тажикстандын Статистикалык институтунун билдирүүсүнө ылайык, жылдын 8 айында өлкөгө 54 мамлекеттен 33 миллион 612,8 миң доллардык гуманитардык жардам келген.

Ушул мезгилде өлкөгө жиберилген 14,2 миң тонна гуманитардык жардамдын арасында азык-түлүк продуктулары, медициналык дары-дармектер жана башка буюмдар болгон.

Бул өлкөгө эң көп гуманитардык жардам жиберген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда 41,3 пайыз менен Кытай көрсөтүлгөн, андан кийин Өзбекстан 12,3 пайыздык жардам жөнөткөн жана Түркия 11,3 пайыздык жардам берген.

Өткөн жылы Тажикстанга дүйнөнүн 55 өлкөсүнөн жалпы наркы 54,7 миллион долларды түзгөн 18,3 миң тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.



Тектеш кабарлар