УКМ Арменияны эскертти

Түркия Арменияга каршылык көрсөттү.

1494940
УКМ Арменияны эскертти

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ), Армениянын Азербайжандын Товуз аймагында ок атышпоо режимин бузуу менен азербайжандык бир жоокерди өлтүргөнүн билдирип: «Армения от менен ойноону дароо токтотушу керек»,- деп эскертти.

Министрликтин Твиттерден жарыялаган бөлүшүүсүндө: «Тоолуу Карабахты мыйзамсыз басып алган Армения эми Товуз аймагында ок атышпоо режимин бузуп, бир Азербайжан аскерибизди шейит кылды. Биз шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, бардык азербайжандык боордошторубузга көңүл айтабыз. Армения от менен ойногонду тезинен токтотушу керек» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар