Президент Р. Т. Эрдоган : "Грециянын таштай турган кадамдары маанилүү"

Президент Эрдоган Меркель жана Шарль Мишельдин Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштарына позитив күн таритип беренесин алып келгени үчүн кубанычтуу экендигин айтты.

1495404
Президент Р. Т. Эрдоган : "Грециянын таштай турган кадамдары маанилүү"

Президент Р. Т. Эрдоган диалог каналдарын жандандыруу  меморандумунун кандай алдыга жылары тууралуу Грециянын таштай турган кадамдарынын маанилүү экендигин белгиледи. Президент Эрдоган Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен сүйлөштү. Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда видеоконфеернция аркылуу өткөн үч тараптуу саммитте Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштары кенен түрдө каралды. Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдар да каралган саммитте Түркия менен Грециянын чалгындоо тууралуу сүйлөшүүлөргө даяр экендиги билдирилди. 

Диалог каналдарын жандандыруу тууралуу меморандумдун кандай алдыга жылары боюнча Грециянын кадамдарынын маанилүү экендигин белгилеген Эрдоган Кипр түрктөрү да болгон бардык тараптардын катышуусу менен өткөрүлө турган аймактык бир конференциядан маанилүү чечимдердин чыгарына ишенгенин айтты. 

Бейшемби күнү баштала турган Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинин Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштарына жаңы дем алып келишине ишенгенин белгилеген Президент Эрдоган жакшы ниет менен Бажы биримдиги келишими, виза эркиндиги жана миграция меморандуму тууралуу так кадамдардын ташталышы менен Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштарынын кайрадан оң багытка бурулушуна ишенгенин билдирди. 

Европа Биримдигинин Түркия менен бекем кызматташуу түзүшү аймактык маселелердин чечилишине салым кошорун белгилеген Президент Эрдоган Меркель жана Шарль Мишельдин Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштарына позитив күн таритип беренесин алып келгени үчүн кубанычтуу экендигин айтты. 



Тектеш кабарлар