Анталья пандемия мезгилинде эң көп тандалган туристтик шаарлардын бири болду

Антальянын губернатору Эрсин Языжы маалымат берди.

1495316
Анталья пандемия мезгилинде эң көп тандалган туристтик шаарлардын бири болду

Анталья коронавирус (Ковид-19) мезгилинде эң көп тандалган туристтик шаарлардын бири болду.

Антальянын губернатору Эрсин Языжы Финляндиянын Анкарадагы элчиси Ари Маки менен жолугушуу учурунда жасаган билдирүүсүндө, Ковид-19 чаралары көрүлгөн шаарда мейманканалардагы стандарттардын негизинде дүйнөнүн башка шаарларына туристтик максаттар менен барбагандардын Антальяны тандагандарын айтты.

Языжы мындай деди: «Бул процессте эң көп тандалган туризм шаарларынын бири болдук. 5-10 миң деңгээлинде баштаган чет элдик туристтердин санында күнүнө 40 миңге жетип калдык. Буюрса бул процесстин аягында мурунку жылдардагы сандарга кайрадан жетишип, андан да көп чет элдик туристтерди кабыл алабыз».

Элчи Маки болсо пандемияга чейин жай жана кыш мезгилдеринде Хельсинки-Анталия жана Газипаша аэропортторунда түз каттамдар болгонун эске салып, бул каттамдар эпидемияга байланыштуу токтотулганын билдирди.

Финляндиянын болжол менен 3 миң жараны Аланияда жана Сидеде жашоону тандагандарын айткан Ари Маки, каттамдар кайрадан башталганда бул сандын дагы да көбөйөрүн божомолдогонун белгиледи.



Тектеш кабарлар