Бүгүн Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде кабинет чогулат
Жыйындын күн тартибин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдар түзөт.
Президенттик Кабинети Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде бүгүн чогулат.
Президенттик комплексте өткөрүлө турган жыйында алдыңкылык берилген күн тартиби Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдар болот. Анкаранын чыңалууну азайтуу үчүн таштаган акыркы кадамдарынын жыйынтыктары каралат.
Коронавирус эпидемиясында акыркы мезгилдеги бейтап санынын өсүшү да карала турган жыйында коронавирус менен күрөшүүдө көрүлө турган жаңы чаралар сөз болот.
Кабинет жыйынында Ливия жана Сирия, терроризмге каршы күрөш, экономикада болуп жаткан окуялар боюнча түрк делегацияларынын жолугушуулары дагы каралат. Жыйындан кийин Президент Эрдогандын маалымат бериши күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.