Украинанын президенти В. Зеленский түрк фирмасына ыракмат айтты

В. Зеленский селден зыян тарткан бул аймакка жардам берген түрк курулуш фирмасына ыракмат айтты.

1493588
Украинанын президенти В. Зеленский түрк фирмасына ыракмат айтты

Украинанын президенти В. Зеленский Ивано-Франковск  шаарына визит менен барып селден зыян тарткан бул аймакка жардам берген түрк курулуш фирмасына ыракмат айтты.

Владимир Зеленский Украинанын мамлекеттик башкаруучулугунун фейсбук эсебинен берилген видео бөлүшүүсүндө фирмага ыраазычылыгын билдирип, өлкөсүндө жол куруу тармагында көптөгөн фирмалардын бар экендигин билдирди.

Зеленский  : «Бирок Украинаны абдан сүйгөн жана жардам берген бир түрк фирмасы бар. Куттуктайм»,- деди.

Украинанын батыш аймактарында июнь айында болгон сел апаатында 3 киши каза болуп, инфраструктура зыян тарткан.

 

 



Тектеш кабарлар