Президент Эрдоган Рош Ашана майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган ибрани календарына караганда 18 – 20 -  сентябрь күндөрүнө туш келген Рош Ашана майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

1493623
Президент Эрдоган Рош Ашана майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган ибрани календарына караганда 18 – 20 -  сентябрь күндөрүнө туш келген Рош Ашана майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда еврей жарандарды куттуктаган Президент Эрдоган сүйүү жана толеранттуулук маданиятынын символу болгон бул жерлерде коомдук, маданий, саясий жана адамдык түрдүүлүктүн кылымдардан бери биримдикти бекемдеген маанилүү байлыкты түзгөндүгүн баса белгиледи.

Эрдоган куттуктоосунда буларды айтты : «Түрдүү ишеничтерге таандык жарандарыбыздын өз маданият жана салттарын эркин түрдө жашаткан атайын күндөр, коомдук турмушубузга түс кошууда, эзелки достук жана биримдигибиздин дагы да бекемделишине себепчи болууда. Бул ойлор менен ибрани ишеничинин  эң негизги диний майрамдарынын бири болгон Рош Ашанадан улам бардык еврей жарандарыбызды куттуктайм».



Тектеш кабарлар