Түрк космостук агенттиги Украина менен келишимге кол койду

Сердер Хүсейин Йылдырым Түркиянын Киев элчилигинин резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө  Украина сапары тууралуу билдирди.

1493095
Түрк космостук агенттиги Украина менен келишимге кол койду

Түркиянын космостук агенттигинин төрагасы Сердар Йылдырым Украина менен космостук тармакта олуттуу кызматташуу потенциалын көргөндүгүн белгилеп : «Бул потенциалды ишке ашырганыбызда эки өлкө тең кирешелүү чыгат»,- деди.

Сердар Хүсейин Йылдырым Түркиянын Киев элчилигинин резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө  Украина сапары тууралуу билдирди.

Сердар Хүсейин Йылдырым Түркия космостук агенттигинин бир жылдан бери иш алып баргандыгын, кызматка келгенде алгачкы болуп Украина менен келишимге кол коюлгандыгын, ушул себептен бул өлкөнүн атайын бир маанисинин бар экендигин белгиледи.

Кол коюлган келишимден кийин эки өлкөнүн  бирдикте иш алып баруу үчүн даярданып жатканда Ковид  - 19дун чыккандыгын билдирген Сердар Хүсейин Йылдырым : «Бүгүн да Киевде Украинанын космостук агенттиги менен жана башка мекемелер менен сүйлөшүүлөрүбүздү улантуудабыз. Өзгөчө Украинанын вице  - премьер  - министри  жана Стартегиялык индустрияларынан жооптуу министр Олег Уруский бизди каблы алды»,- деди.

Йылдырым бул жолугушуулардын эки өлкөнүн ортосунда космостук аянттагы кызматташуунун негизи болорун баса белгилеп : «Учуруу технологиялары, спутник чыгаруу жана сатуу, космос тууралуу астыңкы системалардын өнүктүрүлүшү сыяктуу көптөгөн темада мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендигин көрдүк»,- деди.

 



Тектеш кабарлар