TCG Гедиз фрегатынын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги машыгуулары аяктады

Улуттук Коргоо министрлиги Твиттерден маалымат берди.

1493071
TCG Гедиз фрегатынын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги машыгуулары аяктады

Улуттук Коргоо министрлиги, TCG Гедиз фрегатынын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги машыгууларын ийгиликтүү аяктаганын жарыялады.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «TCG Гедиз фрегатыбыз, ыкчам даярдык иш-аракеттеринин алкагында 2020-жылдын 17-сентябрында Чыгыш Жер Ортолук деңизинде суу үстү жана абадан коргонуу боюнча ок атуу машыгууларын ийгиликтүү өткөрдү», делди.

Билдирүүдө машыгуунун фотосүрөттөрү да көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар