Түркия менен Грециянын аскердик делегацияларынын жолугушуусу өттү

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, кийинки жолугушуу 17-сентябрга пландаштырылганы кабарланды.

1491279
Түркия менен Грециянын аскердик делегацияларынын жолугушуусу өттү

Түркия менен Грециянын аскердик делегацияларынын ортосундагы НАТОнун штабында өткөрүлгөн техникалык жолугушуу аяктады.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, кийинки жолугушуу 17-сентябрга пландаштырылганы кабарланды.

Президент Режеп Тайип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин  сүйлөшүүсүнөн кийин НАТОнун штаб-квартирасында Греция менен Түркиянын аскер делегацияларынын ортосунда жолугушуу өткөрүүнү макулдашкан болчу.

Ушул алкакта эки өлкөнүн аскердик делегацияларынын ортосунда «ажыратуунун жол-жоболору» талкууланган жолугушуулардын биринчиси 10-сентябрда НАТОнун штабында өткөн.



Тектеш кабарлар