Түркия-Греция делегацияларынын жыйыны

Техникалык жыйындын бүгүн өткөрүлүшү күтүлүүдө.

1490909
Түркия-Греция делегацияларынын жыйыны

Түркия менен Грециянын аскердик делегацияларынын ортосунда НАТОнун башкы кеңсесинде «бөлүштүрүү жол-жоболору» сүйлөшүлө турган техникалык жыйындын бүгүн өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин НАТОнун башкы кеңсесинде Түркия менен Грециянын аскердик делегацияларынын ортосунда жыйын өткөрүлүшү пландаштырылган болчу.

Ушул алкакта эки өлкөнүн аскердик делегацияларынын ортосунда "бөлүштүрүү жол-жоболору" сүйлөшүлгөн жыйындын биринчиси 10-сентябрда НАТОнун Башкы кеңсесинде өткөрүлгөн.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда техникалык жыйындын бүгүн түштөн кийин болоору күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар