Түрк жээк сууларында 76 качкын куткарылды

Греция качкындарды түрк тарапка түртүүдө.

1490937
Түрк жээк сууларында 76 качкын куткарылды

Измир, Айдын жана Муглада грек күзөтчүлөрү тарабынан түрк жээк сууларына түртүлгөн 76 качкын куткарылды.

Жээк коопсуздугу командирлигинин билдирүүсүнө караганда, Измирдин Фоча районундагы Аслан булуңунун жээктеринде 11 качкын, Карабурун районунун жээктеринде 2 салдагы 37 адам, Айдындын Кушадасы районундагы Давутлар жээктеринде 19 адам жана Мугланын Мармарис районунун Алажа булуңунун жээктеринде болсо 9 качкын куткарылып кургактыкка чыгарылды.

Грек элементтери тарабынан артка кайтарылган 76 качкын облустун Иммиграция башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар