Октай Баку үчүн куттуктоо билдирүүсүн бөлүштү

Баку 102 жылдыгын белгилеп жатат.

1491231
Октай Баку үчүн куттуктоо билдирүүсүн бөлүштү

Вице-президент Фуат Октай, Азербайжандын борбор шаары Бакунун армян жана большевик бандаларынан куткарылышынын 102 жылдыгына карата өз билдирүүсүн жарыялады.

Октай өзүнүн социалдык медиа баракчасынан: «Бакунун душмандын баскынчылыгынан бошотулушунун 102 жылдыгында мен Нури Паша (Киллигил) жана Кавказ Ислам армиясынын баатыр жоокерлерин таазим кылып эскеремин. Кечээкидей эле бүгүн дагы биз Азербайжан менен бир жүрөктөйбүз» деди.



Тектеш кабарлар