Криакос Мичотакис : "Эрдоган менен сүйлөшүүгө даярмын"

Грециянын премьер-министри Кириакос Мичотакис Түркия менен болгон чыңалуу жоюлган учурда, президент Режеп Таййип Эрдоган менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди.

1489944
Криакос Мичотакис : "Эрдоган менен сүйлөшүүгө даярмын"

Грециянын премьер-министри Кириакос Мичотакис Түркия менен болгон чыңалуу жоюлган учурда, президент Режеп Таййип Эрдоган менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Кириакос Мичотакис, Салоникидеги пресс – жыйынында  Түркия менен болгон карым - катнаштар жана Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы чыңалуулар тууралуу маалымат берди.

«Оруч Реис» сейсмологиялык изилдөө кемесинин Анталияга кайтышын «алгачкы оң кадам» деп мүнөздөгөн Мичотакис мунун улантылышы менен Түркия менен изилдөө форматындагы жаңы сүйлөшүүлөргө даяр экендигин айтты.

Мичотакис  изилдөө сүйлөшүүлөрүнүн башталышы жалпы климатка байланыштуу экендигин жактап : «Өткөн күндөрдө да оң кадамдарды көрдүк бирок уландысында тескери кадамдар ташталды»,- деди.

Мичотакис өзгөчө Эгей аралдарынын куралдандырылышы сөз болбой тургандыгын, мунун изилдөө сүйлөшүүлөрүндө каралбагандыгын жана каралбай тургандыгын айтты.

Мичотакис Президент Р. Т. Эрдоган тууралуу берилген суроолорго : «Чыңалуу басыла турган болсо Эрдоган менен сүйлөшүүгө даярмын»,- деди.

2002 – жылы башталган изилдөө сүйлөшүүлөрүнүн акыркысы 2016 – жылы 1 – мартта Афинада өткөрүлгөн. Бул күндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр, саясий сүйлөшүүлөр форматында улантылган бирок изилдөө алкагына кайткан эмес.



Тектеш кабарлар