Президент Эрдогандан Макронго дагы бир билдирүү: "Кетесиң"

Президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) «Стамбулдагы 100 миң жаңы мүчө» программасында сөз сүйлөдү.

1489564
Президент Эрдогандан Макронго дагы бир билдирүү: "Кетесиң"

Президент Режеп Таййип Эрдоган алардын күрөшү өлкө жана келечек үчүн жүргүзүлгөн эркиндик күрөшү экендигин айтты.

Президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) «Стамбулдагы 100 миң жаңы мүчө» программасында сөз сүйлөдү.

«Түркияны террор, кысым, экономикалык соккулар менен бутага алгандардын максатынын, бизди сыймыктуу жана чечкиндүү позициябыздан баш тарттыруу» деген Эрдоган: «Булардын маселеси АК партия эмес, Таййип Эрдоган да эмес. Булардын маселеси биздин элибиздин дал өзү менен. Жеринен мамлекетине чейин Түркиянын байлыгына көз артууда. АК партия жана Таййип Эрдоган аркылуу Түркияны багынтып алууну, Түркияны чөгөлөтүү үчүн ар түрдүү жолду сынап жатышат»,-деп айтты.

Эрдоган, күрөш Таййип Эрдогандын гүлдөп-өнүгүү үчүн күрөшү эмес экендигин, алардын күрөшү өлкө жана келечек үчүн жүргүзүлгөн эркиндик күрөшү экендигин абийир жана акылы бар ар кимдин билгенин белгиледи.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун: «Биздин көйгөй түрк улутунда эмес, биздин көйгөй Эрдоганда, биз Эрдоганды түшүрүшүбүз керек»,- деп айтканын эске салды.

Эрдоган: «Макрон ансыз деле сенин мөөнөтүң аз калды. Кетесиң.   Бир нече жыл мурун мен сага эмне деп айттым эле? Бир жолку телефондогу сүйлөшүүбүздө; угуп кой тарыхты эч билбейт экенсиң, алгач тарыхты үйрөн жана Түркияга тарых сабагын бербе деген элем. Биз сизди Алжирден тааныйбыз. Бир миллион алжирликти  сиз өлтүрдүңүз, 800 миң руандалыкты сиз өлтүрдүңүз. Биз сизди Ливиядан билебиз. Жүз миңдеген ливиялыктарды сиз өлтүрдүңүз. Сен бизге адамгерчилик сабагын бере албайсың. Биз Осмон мамлекети катары бул жерлерге барганыбызда тынчтыкты алып бардык, бул жерлерге адамкерчиликти алып бардык. Алгач муну билип ал. Албетте муну моюнга ала алышпай, алар муну укканда жинди болушат»,-деди.



Тектеш кабарлар