Түркия-Иран жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны өттү

Жыйынга президент Режеп Таййип Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани тең төрагалык кылышты.

1487229
Түркия-Иран жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны өттү
Cumhurbaşkanı Erdoğan Türkiye-İran Yüksek Düzeyli İşbirliği Konseyi 2.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan Türkiye-İran Yüksek Düzeyli İşbirliği Konseyi 1.jpg

Түркия менен Ирандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 6-жыйыны, президент Режеп Таййип Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роуханинин тең төрагалыгында өттү.

Координатор катары эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери, Түркиядан; Энергетика жана табигый ресурстар министри, Казына жана каржы министри, Ички иштер министри, Саламаттык сактоо министри, Өнөр жай жана технология министри, Соода министри, Транспорт жана инфраструктура министри, ал эми Иран тараптан;  Иран Ислам Республикасынын Президентинин администрациясынын башчысы, Мунай министри, Ички иштер министри,  Энергетика министри, Жол жана шаар куруу министри, Саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министринин катышуусунда видео конференция аркылуу өттү.

Жыйналыштан кийин биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө ПКК / ПЖАК жана башка террордук уюмдарга каршы биргелешкен операцияларды камтыган кадамдарды жасоо эки өлкөнүн тең жоопкерчилиги экендиги баса белгиленди.

Түркия менен Иран, эки тараптуу соода көлөмүнүн төмөндөшүн жоюу үчүн жаңы экономикалык кызматташтык аймагын өнүктүрүүгө болгон умтулууларын дагы бир жолу баса белгилешти.

Билдирүүдө мамилелерин, регионалдык өнүгүүлөрүн жана жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын кесепеттерин карап чыгышкан тараптар, күчтүү саясий эрки менен азыктанган жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө чечкиндүү экендиктерин дагы бир жолу билдиришти.



Тектеш кабарлар