Эрдоган:«Пандемияда экономикабыздын токтоп калуусуна жол берген жокпуз»

Президент Эрдоган, Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда Түркиянын камсыздандыруусун таанытуу аземинде сөз сүйлөдү.

1486336
Эрдоган:«Пандемияда экономикабыздын токтоп калуусуна жол берген жокпуз»
Erdoğan.2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) пандемиясында Түркиянын саламаттык сактоо системасынын кыйроосуна дагы экономикасынын токтоп калуусуна дагы жол бербегендерин айтты.

Президент Эрдоган, Бештепедеги Миллет конгресс жана маданият борборунда Түркиянын камсыздандыруусун таанытуу аземинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, сөзүндө, « (Түркия камсыздандыруу) Бири-бирин толуктаган мамлекеттик капиталдуу 6 түптүү мекемебиздин иш-аракеттеринин бир чатырдын астында чогултулушу, бул фирмалардын түшүмдүүлүгүн арттырат, чыгымдарды азайтат, секторго жаңы динамизм алып келет»,-деп айтты.

Эрдоган: «Түркия Сигортанын (Камсыздандыруунун), камсыздандыруу тармагыбызды глобалдык атаандаштыкта туу чокуга жеткиришин үмүт кылуудабыз»,-деди.

Ковид-19 пандемиясы тууралуу Эрдоган: «Бул эпидемияга бир топ мамлекет даярдыксыз дуушар болду. Материалдык жактан бизден жогору болгон мамлекеттер мамлекеттик коопсуздук жана саламаттык сактоо муктаждыктары темасында бир топ тармакта кыйынчылыкка туш болушту. Дүйнөдө эч нерсе мурдагысындай болбой турган жаңы мезгилге кирди»,-деп айтты.

Глобалдык өсүү божомолунда ылдый багыттуу жаңылоолор болуп жатканын, АКШ, Германия, Жапония жана Англия сыяктуу чоң экономикалардын пандемиянын таасири менен олку-солку болгондорун белгилеген Эрдоган: «Бул процесстен биздин дагы терс таасир алганыбыз чындык, бирок берки өлкөлөргө салыштырмалуу бул таасирди эң төмөнкү чекте кармай алдык»,деген серебин салды.

Эрдоган, бүткүл дүйнөдө инвестициялар токтоо чегине келген мезгилде инвестицияларды арттыргандарын, түрк экономикасын кайрадан жолуна салгандарын айтты.

Эрдоган, пандемиянын жаңы мүмкүнчүлүк терезелерин да ачканын жана бул процесстен берки тармактар менен бирликте экономикада күчтөнүп чыга тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар