Президент Эрдоган "Сен ушундай сулуусуң" көргөзмөсүн кыдырды
28-февраль темалуу көргөзмөгө 16 сүрөтчүнүн эмгектери коюлган.
1485664
![Президент Эрдоган "Сен ушундай сулуусуң" көргөзмөсүн кыдырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/debb/efb7/57fc/5f54c95e44724.jpg?time=1718611148)
Президент Режеп Таййип Эрдоган 28-февраль темалуу "Сен ушундай сулуусуң" көргөзмөсүнө барды.
Президент Эрдоган Стамбул Кысыклыдагы резиденциясынан чыгып Гүлханеге келди.
Аялдар жана Демократия Ассоциациясы (KADEM) тарабынан Топкапы сарайынын Дарпхане-и Аммире имаратында уюштурулган 28-февраль темалуу "Сен ушундай сулуусуң" көргөзмөсүн кыдырды.
28-февраль темалуу көргөзмөгө 16 сүрөтчүнүн эмгектери коюлган.
Чыгармалар видео-арт, иллюминация, скульптура, үч өлчөмдүү портрет, минималисттик композиция, жасалгалоо, дубалдагы аралаш техника жана жыгач-металл аралаш техникаларынан турат.