Түркия менен ТКТРнын биргелешкен машыгуусу
Машыгуу 6 – 10 - сентябрь күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасында өтөт.
Түрк куралдуу күчөрү жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы биргелешкен машыгуу өткөрөт.
Деңиз күчтөрү командирлигинен берилген маалыматта Шейит капитан Женгиз Топел Жер Ортолук деңиз машыгуусу Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын катышуусу менен 6 – 10 - сентябрь күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасында өтөт.
Машыгуу Түркиядан аба, деңиз жана кургатык күчтөрүнүн катышуусу менен биргелешкен чабуул, издөө - куткаруу машыгуусу жана ошол эле учурда батальондун ыкчам күчтөрүнүн машыгуусу түрүндө болот.
Маалыматта жыл сайын пландуу түрдө өткөрүлгөн машыгуунун Кипр Түрк Тынчтык күчтөрү командирлиги менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коопсуздук күчтөр командирлигинин ортосунда кызматташуу жана бирдикте иштөөнү өнүктүрүү экендиги баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.