Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Роберт C. О'Брайен менен телефон аркылуу сүйлөштү

Ибрахим Калын менен Роберт С.Брайендин сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштар, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы кырдаал жана аймактык маселелер каралды.

1484728
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Роберт C. О'Брайен менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Роберт C. О'Брайен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин катчылыгынын  билдирүүсүнө ылайык, Ибрахим Калын менен Роберт С.Брайендин сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштар, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы кырдаал жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде   чыңалууну жактабаганы, аймакта президент Режеп Таййип Эрдоган да белгилегендей адилеттүү бөлүшүү моделинин турмушка ашырылышы керектиги билдирилди.

Сүйлөшүүдө  Грециянын чыңалууну күчөтүп, эл аралык укукту этибарга албаган бир тараптуу жана максималист талаптарынын кабыл алынгыс экендиги жана саясий чечимге негиз даярдоо үчүн мындай кыймылдардан алыс болуу керектиги белгиленди.

Түркиянын жана Кипр түрк калкынын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укук жана кызыкчылыктарын коргоо тууралуу чечкиндүүлүгү баса белгиленип, Жер Ортолук деңиздин тынчтык деңизи болушу үчүн бардык аракеттин көрсөтүлөрү да билдирилди.



Тектеш кабарлар