Эрдоган менен Меркель сүйлөштү

Эки лидер видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1484574
Эрдоган менен Меркель сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кырдаал менен бирге аймактык маселелер жана эки тараптуу карым-катнаштар талкууланды.

Эрдоган, сүйлөшүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркия менен Кипр түрк элинин укуктарынын корголгондугун жана бардык жээктеш өлкөлөр үчүн адилеттүү бөлүшүүнү жактагандарын, бирок Греция менен Кипрдин Рум тарабы жана аларды колдогон өлкөлөрдүн туңгуюкка кептеген жана чыңалууну курчутуучу кадамдарды таштап жаткандарын айтты.

Грециянын өзүмчүлдүгү жана кээ бир өлкөлөрдөн колдоо тапкан адилетсиз мамилеси кабыл алынгыс экендигин белгилеген Эрдоган, эл аралык мыйзамга туура келбеген демилгеге каршы Түркиянын укуктарын жана кызыкчылыктарын ар дайым жана бардык жерде коргой тургандарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Ангела Меркелдин Чыгыш Жер Ортолук деңизде Грециянын жана аны колдогон өлкөлөрдүн аймактык тынчтыкка зыян келтирген кадамдарынан улам келип чыккан көйгөйдүн чечилишине салым кошуу аракетин кубатташкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар