Түркия Россияга ПКК/ЙПГ тууралуу каршы чыкты

Түркия Россиядан террордук уюм ПКК/ЙПГ менен байланыштуу уюмдардын күн тартибине кызмат кыла турган  кадамдардан алыс турушун күткөнүн жарыялады.

1482263
Түркия Россияга ПКК/ЙПГ тууралуу каршы чыкты

Түркия Россиядан террордук уюм ПКК/ЙПГ менен байланыштуу уюмдардын күн тартибине кызмат кыла турган  кадамдардан алыс турушун күткөнүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта ПКК/ЙПГ террордук уюмдун күн тартибиндеги  Сирия демокртаиялык кеңешине мүчө топтун Россия федерациясына жасаган сапары тууралуу : «Россия федерациясынан Астана рухуна жана Астана форматындагы жыйындарда берилген убадаларга ылайык кыймыл кылышын жана террордук уюм ПКК/ЙПГ менен байланыштуу уюмдардын күн тартибине кызмат кыла турган кадамдардан алыс булушун күтүп жатабыз»,- деген сөздөр менен каршылык көрсөтүлдү.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ПКК/ЙПГ террордук уюмдун «Сиря демократиялык кеңеши» деп аталган бир группанын Россия федерациясына чакырылышы жана орус расмий мекемелери тарабынан жогорку деңгээлде кабыл алынышынын санааркатуучу экендиги белгиленди.

Маалыматта ПКК/ЙПГнин Сириянын жеринин бүтүндүгүн белгилегени билдирилип : «ПКК/ЙПГ террорист жана жикчилдик күн тартиби менен көзөмөлүнө алган жерлердеги элге зомбулук кылган, Сириянын жеринин бүтүндүгүн бузган жана эң башта Түркия, Сириянын коңшуларынын улуттук коопсуздугун коркунучка салган террордук уюм»,- деп маалымдалды.

Астана форматында өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги жыйындардан кийинки биргелешкен билдирүүлөрдө терроризмдин бардык түрү менен күрөшүү жана Сириянын жеринин бүтүндүгү менен коңшу өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна да зыянын тийгизе турган жикчил күн тартибине каршы туруу убадасынын берилгендиги эске салынып : «Акыйкаттан да Астана кепилдеринин акыркы жолу 2020 -  жыл  25 -  августта Женевада өткөргөн жыйынынын жыйынтыгында билдирилген маалыматта да мыйзамсыз уюмдардын жикчил күн тартиптерине карата жалпы көз караш билдирилген»,- деп белгиленди.

Маалыматта Россиянын Астана форматындагы жыйындарда берилген убадаларга ылайык кыймыл кылышынын күтүлүп жаткандыгы билдирилип, булар маалымдалды : «Россия федерациясында Астана рухуна жана Астана форматындагы жыйындарда берилген убадаларга ылайык биргеликте кыймыл кылышын жана ПКК/ЙПГ менен байланыштуу уюмдардын күн тартибине кызмат кыла турган кадамдардан алыс болушун күтүп жатабыз. Бул тууралуу саясий сүйлөшүүлөр үчүн Москвага барган министрдин орун басары Седат Өналдын жетекчилигиндеги делегациябыз тарабынан да орус мекемелерине билдирилет».



Тектеш кабарлар