Чавушоглу: "Гректер Эгейде жээк суусун 12 милге чыгарса согуштун себеби деп эсептейбиз"

Министр Чавушоглу, жеке менчик телеканалда күн тартип жөнүндө маалымат берди.

1481438
Чавушоглу: "Гректер Эгейде жээк суусун 12 милге чыгарса согуштун себеби деп эсептейбиз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, « (Грек жээк сууларын) Эгейде 12 милге чыгара алышпайт, Парламентибиздин көп жыл мурда чыгарган чечими жарактуу, бул согуштун себеби болот»,-деди.

Министр Чавушоглу, жеке менчик телеканалда күн тартип жөнүндө маалымат берди.

Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун Европа Биримдигинен, (Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасында) Түркияга каршы чыгуучу каалаган реакцияны таба албаганын эске салды.

Чавушоглу: «ЕБ чынчыл ортомчу болушу керек, эч ким тарапка тартпашы керек. ЕБ бизге Греция дагы адилетсиз деген пункттарды айтып бериши керек, анткени алардын колдоосу сөзсүз болбой турганын так көрсөтүшү керек...Греция менен Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна айтышы керек, алар чечүүчү жолду тандап, бөлүшүүнү үйрөнүшсүн»,- деп айтты.

Грециянын Ион деңизиндеги жээк сууларын 12 милге жеткирүү чечимин Эгейде да ишке ашырган учурунда Түркиянын кандай каршылык көрсөтө турганы суроосуна Чавушоглу: «Ион деңизинде 12 милге жеткириши бизди кызыктырбайт. Ал жерде жеткире алышат биз менен тиешеси жок, бирок Эгейде да муну 12 милге чыгара алышпайт.  Парламентибиздин көп жыл мурда чыгарган чечими жарактуу, бул согуштун себеби болот»,-деди.

Грециянын Түркия менен болгон ар бир чыңалууда Батыш Фракия түрктөрүнө кысымды арттырганына көңүл бурган Чавушоглу, Европа адам укуктары сотунун бул темада Грецияга каршы 3 чечими бар экенин эске салды.

Түркиянын Гөкчеадада болгону 4 окуучу үчүн Рум мектебин ачканын баса белгилеген Чавушоглу, «Бирок Греция акыркы жылдары түрк азчылыгына таандык мектептерди жапты. Жакында 8 мектеп үнөмдөө жана окуучулардын жетишсиздиги себебеи менен жабылган. Акыркы 25 жылда Батыш Фракиядагы мектептердин саны 231ден 115ке чейин кыскарган, башкача айтканда 50 пайыз»,- деди.



Тектеш кабарлар