Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаңы Navtex жарыялады

Анадолу Агенттигинин (AA) Редактордук үстөл жыйынында Жаңы Navtex жөнүндө билдирүү жасаган Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Искендерун аймагында биздин Аскер-деңиз флотунун ок атуу боюнча машыгуусу боло турганы жөнүндө Navtex жарыяланды»,- деди.

1480091
Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаңы Navtex жарыялады

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 1-2-сентябрь күндөрүндө ок атуу боюнча машыгуу өткөрө турганын жаңы Navtex (деңизчилерге эскертүү) менен жарыялады.

Анадолу Агенттигинин (AA) Редактордук үстөл жыйынында Жаңы Navtex жөнүндө билдирүү жасаган Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Искендерун аймагында биздин Аскер-деңиз флотунун ок атуу боюнча машыгуусу боло турганы жөнүндө Navtex жарыяланды»,- деди.

Министр Акар, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалга байланыштуу, Түркиянын эч кимдин жерине, деңизине көз артпаганын белгилеп, «Бирок эч кандай түрдө коңшуларыбыздын жерлеринен, деңиздеринен бизге каршы жасалган кандайдыр бир чабуулуна жол бербейбиз, буга көз жумбай турганыбызды ар кимдин билишин каалайбыз», - деди.

Акар сөзүн мындайча улады: «Биз сүйлөшүүнү жактайбыз. Келгиле, сүйлөшөбүз. Биз диалогго ачыкпыз, тынчтык жана бейпилдикти каалайбыз, бирок ошондой эле биздин укугубузду жана акыбызды да каалайбыз. Эгер грек кесиптештерибиз жакынкы күндөрү чечим кабыл алса, биз аларды бул жерде канагаттануу менен кабыл алууга даярбыз».

Акар: «Европага, Европа Биримдигине (ЕС) же Францияга баш калкалай бербей, түрктөр менен гректер катары сүйлөшүп, талкуулап, өзүбүздүн көйгөйлөрдү чечишибиз керек»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министри Акар, «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесине байланыштуу, «Биз бургулоо жана изилдөө иштерин жүргүзөбүз. Биз өзүбүздүн укуктарыбызды, кызыкчылыктарыбызды жана кызыкчылыктарыбыздын чегинде тынчтык жолу менен жана ыкмалар менен бизге таандык аймакта өз ишибизди жүргүзүп жатабыз»,- деди.

Министр Акар: «Экономикалык ишмердүүлүктү ар кандай багытка тартууну туура эмес деп эсептейбиз. Биздин кемелерибиз аларды жумуштун коопсуздугу үчүн коргойт. Андан тышкары түшүнүк жаратуу туура эмес»,-деп айтты.

Хулуси Акар, Түркия Республикасынын эл аралык чөйрөдө чындыгында бир тартуучу борборго айланганын азыр баардыгы билиши керек деди.

Хулуси Акар, Сириянын Идлиб шаарында Түркия-Россия биргелешкен күзөтү жөнүндө, «Азырынча M4 трассасында 26-күзөттү аяктадык. Күзөттөр улана берет, кызматташтыгыбыз улантылат»,- деди.

Министр Акар, Идлибде, «Биз ок атышууну токтотуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу үчүн Россия менен ар дайым байланышта болуп турабыз, ал жерде стабилдүүлүктү сактоо үчүн иштеп жатабыз»,- деди ал.

Улуттук Коргоо министри Акар Ливияда дагы бир база курулат деген айыптоолорго токтолуп, «Биздин Куралдуу Күчтөрдүн мүчөлөрү ливиялык бир туугандарыбызга машыктыруу борборлорун уюштуруп жатышат. Мунун апыртылышы туура эмес»,-деди.

Министр Акар, Ливияда гуманитардык жана эл аралык мыйзамдарга ылайык иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын жана бул иш-аракеттердин улана тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар