Түркияда бир сутканын ичинде 100 миңден ашык тест жасалды

Акыркы 24 саатта вирустан 20 киши көз жумду.

1479724
Түркияда бир сутканын ичинде 100 миңден ашык тест жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 20 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 6 миң 183 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 100 миң 109 тест жасалып, 1 миң 313 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 2 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 239 миң 797ге жогорулады.



Тектеш кабарлар